Өкмөт айылдардын аталыштарын массалык өзгөртүү сунушун колдогон жок

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин айылдардын аталыштарын массалык түрдө өзгөртүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактарга жазды.
“Тарыхый топонимиканы сактоо – бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздүн жана көп улуттуу мурасыбыздын ажырагыс бөлүгү, аны биз келечек муундар үчүн сактап калууга милдеттүүбүз”, — деди Байсалов.
Буга чейин депутат Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында 2025-жылы Чүй облусунун аймагындагы бардык айыл-кыштактардын орусча аталыштарын өзгөртүүнү министрлер кабинетине сунуштаган.
Депутат аларды тизмектеп чыккан: Беловодское, Садовое, Сосновка, Васильевка, Ивановка, Орловка, Озерное, Октябрьское, Полтавка, Крупское, Романовка, Петровка, Кировское, Комсомольское, Полевое, Советское, Буденовка, Зеленое, Буденовка, Зеленое, Степное, Любляное, Тельман, Ударник, Ленина Юрьевка, Мичурино, Прогресс, Горный, Рассвет, Восток, Дружба, Гагарин жана башкалар.
Беш облустагы кээ бир айылдардын аталышы өзгөрмөкчү. Тизме