1946-жылдын 4-декабрында Москва шаарында биринчи "Москвич-400" чыккан. Ушул датадан тарта СССРде легендалуу "Москвичтердин" доору башталган.
Бул автоунаа немецтердин Opel Kadett K38 автомобилинин дээрлик көчүрмөсү эле. Аны 1937-жылдан тарта чыгарышкан. Демек, бул арада машинанын техникалык жактан өркүндөшү үчүн алымча-кошумчалар киргизилген.
Бранденбургдагы Opel автозаводунан олжого түшкөн темир тулпарларды, жабдуулардын бөлүктөрүн, документацияларын жана адистерди СССРге чыгарып кетишкен. Бул 1954-жылы жайында жасалган. Мындай демилгени Иосиф Сталин көтөргөн.
Төрт орундуу автокөлүктүн кузову алып койгонго шартташкан. Кыймылдаткычы — көлөмү 1,1 литрлик мотор болгон. Ылдамдыгы саатына 90 чакырым, майдын чыгымы 100 чакырымга 9 литр эле.
1947-жылдан тарта 1956-жылга чейин 216 006 седан, 17 742 кабриолет жана 11 129 фургон чыккан.