БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Батыш мамлекеттери АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кызматка келгиче Киевге курал-жаракты көбүрөөк жеткирип, муну менен согуштук аракеттердин 2025-жылы да уланышын шарттап жатат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШнын кетип жаткан президенти Байдендин администрациясы менен европалыктар кагылышууну улантууга ыкташты. Жаңы өлкө башчы келгиче Киев режимин курал-жаракка шыкап, согушту 2025-жылы да улантышмакчы", — деди ТИМ өкүлү.
Захарованын айтымында, ЖМКлар Украина Куралдуу күчтөрүнө британиялык, франциялык ыраакка атылуучу ракеталар, Нидерланддардан ракеталарды жайгаштыруучу түзүлүштөр келип жатканын жазышууда.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага 725 миллион долларлык аскердик жардамдын пакети бөлүнүп жатканын жар салган. Анын ичинде жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналар да бар экени айтылган болчу.
Россия Украинага курал-жарак, ок-дарынын жеткирилиши чатакты жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырып жатканын айтып келет. ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн жүктүн баары Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын белгилеген.