Кыш мезгилинде туура тамактануу — рациондо белок, май, углеводго бай азыктардын болушу шартпы?

Sputnik
Күз-кыш айлары суук жана нымдуу аба ырайы менен коштолот. Бул учурда иммунитет начарлап, адамдарда чарчоо байкалат. Мындан улам адамдын тамактануусу өзгөрүп, баары эле майлуу тамактарга басым жасап же көп көлөмдө тамактанып калышат. Жайында жеген жеңил тамактар суукта организмди активдүү жашоого керектүү энергия менен камсыз кылбай калат. Андыктан суукта кантип туура тамактануу керек? Рациондо кандай азыктар көп болушу шарт? Иммунитет үчүн эң маанилүү витамин кайсы? Күз жана кыш мезгилинде пайдалуу суусундуктар кайсылар? Алар кандай жардам берет? Ушул жана башка суроолорго “Ачык кеп” программабыздын алкагында азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы эксперт Бермет Журуповадан жооп ала алдык.