ЕАЭБде бирдиктүү биржа мейкиндигин түзүүгө дагы бир кадам жасалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери бир мамлекеттин брокер жана дилерлерине уюмдун башка өлкөлөрүнүн биржалык соодалашуусуна катышууга мүмкүндүк берүү келишиминин долбоорун жактырышты.
ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришкендей, келишимдин долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүнө ички макулдашуу үчүн жөнөтүлгөн.
"Макулдашуу биржалык операциялар үчүн бирдиктүү мейкиндикти түзүүгө шарт түзөт. Анда брокерлер менен дилерлер өз өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензиянын негизинде иштей алышат. Бул документ инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, ошондой эле ЕАЭБ биржалык аянтчаларында сатылган финансылык инструменттердин ликвиддүүлүгүн жана кызыгуусун жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.
ЕЭКтин экономика жана финансылык саясат боюнча министри Бахыт Султанов белгилегендей, бул долбоор мурда кабыл алынган Баалуу кагаздарды кабыл алуу жана жүгүртүү жөнүндө макулдашуу менен биргеликте ЕАЭБдин алкагында жалпы финансылык рынокту жана биржалык мейкиндикти түзүүгө багытталган.
ЕЭК министри ЕАЭБдеги соода тоскоолдуктары канткенде азаярын айтып берди