Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинаны НАТОнун планы менен оккупациялоонун болжолдуу схемасы

Жаңы нерсе – бул унутулган эски окуя. Бундесвер Украинада 1940-жылдардын башталышында жасаган баскынчылык жана бандерачылардын полициялык кызматтары боюнча Гитлердин тажрыйбасын өздөштүрүп жатат.
Sputnik
Муну аскерий эксперт Александр Хроленко РФтин Тышкы чалгын кызматынын билдирүүсүнөн кийин комментарий берип жатканда айтты. Анда Батыштын Украинга 100 миң "тынчтык сактоочуларын" киргизүү планы туурасында кабарланган эле.
"Батыш койгон максаттарын аткаруу үчүн Украинаны, мындайча айтканда, басып алууга туура келет. Албетте, бул нерсе өлкөнүн аймагына "тынчтык орнотуучуларды" алып киребиз деген шылтоо менен жасалмакчы. Баш-аягы Украинага мындай 100 миң кишини киргизүү пландалып жатат", — деп айтылган мурда жарыяланган маалыматта.
Ал тургай алдын ала канчага бөлүнөрү, кимге тиери боюнча да кабар тараган.
"Факты боюнча Украинанын оккупациясы жана анын аймагын Румынияга (Кара деңиз жээги), Польшага (батыш облустары), Германия Федеративдик Республикасына (борбору жана чыгышы), Улуу Британияга (түндүк облустары, анын ичинде Киев) бөлүштүрүү талкууланып жатат", — деп айтылган анда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский экинчи ирет өтчү "тынчтык саммитине" Россияны чакырарын айтты