Ушул жылдын ноябрь айына карата маалымат боюнча Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу легалдаштырды. Бул тууралуу Советбек Токтосунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 140га жакын жарандын активи 100 миллион сомдон ашып, 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку салым төлөп, декларация толтурду.
"2023-жылы президент Садыр Жапаров "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамына кол койгон. Экономика жана коммерция министрлиги активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүн 2024-жылдын 31-декабрына этегине чейин узартууну сунуштап, ал кабыл алынган. Ушул жылдын ноябрь айына карата берилген маалымат боюнча Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу мыйзамдаштырды. 140ка жакын жарандын активи 100 миллион сомдон ашып, 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку салым төлөп, декларация толтурду. Жыл аягына чейин көбү декларациясын толтуруп, бул көрсөткүч дагы өсөт деп турабыз. Бул мыйзам бардык кыргызстандыктарга тиешелүү, ага активдүү катышуу керек", — деди Токтосунов.
Ошондой эле ал мүлктү легалдаштыруу үчүн декларацияны мамлекеттик жана жеке нотариалдык конторалардан толтурууга болорун кошумчалады.