Эксперт: Евразиянын ичинде экономикалык байланыштар улам бекемдеп бара жатат

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Евразиянын ичиндеги экономикалык байланыштар тереңдеп, күч алып бара жатат. Бул туурасында Россиянын Илимдер Академиясынын Экономика институтунун директору Михаил Головнин айтты.
Ал евразиялык коопсуздуктун жаңы системасын түзүү боюнча Sputnik аянтында өткөн видео көпүрөгө катышкан.
"Азыр Евразиянын ичинде экономикалык байланыштар күч алып бара жатат. Эгерде ШКУ же БРИКСти эски курамында ала турган болсок, акыркы 10-15 жылда буларда өз ара сооданын үлүшү өскөн", — деп белгилеген Экономика институтунун директору.
Анын айтымына караганда, эксперттер көп борборлуу же көп уюлдуу дүйнө түзүлүшүнө жакындоо байкалууда.
"Бул жаңы борборлор Ири Евразиянын аймагында: Индияда, Араб мамлекеттеринде жана АСЕАН мүчөлөрүндө пайда болуп жатат. Мындан улам өз ара кызматташуунун жаңы моделин түзүү үчүн, менин жана башка эксперттердин пикиринче, ири евразиялык өнөктөштөктүн президенти сунуштаган демилге маанилүү роль ойнойт", — деп кошумчалаган Головнин.
Орбан Батыш цивилизациясы үстөмдүк кылган доор соңуна чыкканын айтты