Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: украин жоокерлеринин арасында аскерден качкандар арбууда

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Украинанын аскер кызматкерлери жетекчиликтин калпына нааразы болууда. Бул тууралуу Financial Times басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Маалыматта курал-жарактын жетишсиздигинен Угледардагы бөлүктөн жүздөгөн жоокер качып кеткени айтылган.
"Угледарга автоматтык мылтыктар менен гана келдик. Алар 150 танк берилет дешкен, бирок 20сы гана болгон. Анын үстүнө коштоп, колдоо көрсөтүү дагы жок", — деген ал журналисттерге.
Басылманын баяндамачылары Украина куралдуу күчтөрүнөн 10 айда жаңжал башталган убакыттан бери көп адам качканын кошумчалашкан.
Чачырап жатышат. Пушков АКШнын бийлигиндеги башаламандык тууралуу айтты