Радио

Шабданов: "Коопсуз шаар" жол кырсыктарын азайтууга чоң салым кошту

ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчиси Медербек Шабданов "Коопсуз шаардын" бардык камералары штаттык режимде иштеп жатканын айтты.
Sputnik
"Коопсуз шаардын" аппараттык-программалык комплекстери орнотулган кооптуу тилкелерде жол кырсыктары кыйла азайды. Бул тууралуу Медербек Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоор жол кырсыктарын аныктоо жана алдын алуу боюнча милдеттерин толук кандуу аткарып жатат.
"Коопсуз шаардын" аппараттык-программалык комплекстери орнотулган жерлерде жол кырсыктары кескин азайды. Камералар коюлган жерден айдоочулар жай айдап өтүшөт. Баарыбызга белгилүү болгондой, унаа жай өткөн жерде жол кырсыгы болбойт. Атайын анализдер дагы аталган аппараттык-программалык комплекстер орнотулган жерлерде жол кырсыктары азайганын көрсөтүп жатат", — деди Шабданов.
Ошондой эле ал айдоочуларга "Коопсуз шаар" иштебеген жерде деле жол эрежесин сактоо керектигин эскертти.