БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Грузиянын борбор шаары Тбилисиде башаламандык токтой элек. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Акциянын батышчыл катышуучулары түндө Тбилисинин борборунда полицияга карата "Молотов коктейлин" колдонушкан. Таңга жуук спецназ топтолгондорду Руставели проспектинен сүрүп чыгарып, тосмолорду жыйнаштырган.
Топтолгондор андан ары Тбилиси университети жакка барып, жолду тосуп алышкан.
Тбилисидеги оппозициянын кезектеги нааразылык акциясы премьер-министр Ираклий Кобахидзе Грузиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялагандан кийин, 28-ноябрда башталган. Акыркы эки күндө бейбаштык же милициянын талабына баш ийбөө деген айып менен 107 адам кармалды. Кол салуулардын натыйжасында ондогон полиция кызматкери жаракат алып, алардын бири күйүк менен ооруканага жаткырылды.
Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө бийликти күч менен басып алууга айрым бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар кызыкдар.