Бишкекке кирген айдоочулардан акча алынабы? Мэриянын расмий жообу

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы башка шаарлардан, облустардан келген айдоочулар калаага кириш үчүн акча талап кылынат деген маалыматты четке какты.
Муниципалитет жайында мындай сунушту Бишкектин жолдорундагы тыгынды жоюунун дагы бир ыкмасы катары айтканын, бирок шаар тургундарынын сын-пикирлерин жана коомдук пикирди эске алуу менен долбоорду талкуудан алып салышканын эске салды.
Мекеме шаардык муниципалитет учурда жолдорду оңдоону, жол чырактардын иштөөсү боюнча санариптик чечимдерди кабыл алууну, автоунаа токтотуучу көп кабаттуу жайларды куруу маселесин чечүүнү карап жатканын белгиледи.
Жол кирени карта менен төлөгүлө! Садыр Жапаров бишкектиктерге нааразы болду