Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш Украинадагы жаңжалды токтотуунун үч кадамын атады

Эксперт тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечиле турган нерселердин ичинен эң татаалы Украинага кепилдик берүү маселеси болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Британиялык саясат таануучу Анатоль Ливен Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн негизги үч кадамды сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечиле турган нерселердин ичинен эң татаалы Украинага кепилдик берүү маселеси болсо керек деген пикирин айткан.
Анын пикиринде, биринчи кезекте алыска учуучу ракеталарды Россиянын аймагына колдонууга тыюу салуу керек. Ошол эле учурда Украинага коргонуу линиясын чыңдоого болушунча жардам көрсөтүп, кошумча курал-жарак менен камсыздоо зарыл.
Экинчиден, саясат таануучу Батыштын Россияга каршы айрым санкцияларын алып салуу керек деп эсептейт. Анткени жаңжал башталса, алар кайра күчүнө кирерин айткан. Чектөөлөрдүн арасынан Германияга катуу таасир эткен Россия газын импорттоого тыюу салууну, Россиянын SWIFT банк системасынан чыгарылышын мисал келтирген.
Ливен үчүнчү сунушунда жаңжалды жөнгө салууга кызыкдар тараптарды, эң ириде БРИКС өлкөлөрү менен БУУнун тынчтык келишимин расмий ратификациялоо керек экенин айткан.
Июлда Владимир Путин Украинада "каршылаш тараптын" макулдугусуз ок атышууну токтотуу чечими Россия үчүн олуттуу кадам экенин билдирген. Бул позицияны душман тарап өзүнө колдонуп кетиши мүмкүн экенин белгилеген. Ошондой эле Путин Украинанын НАТОго мүчө болушу Россиянын коопсуздугуна коркунуч келтирерин айткан. Ал Киевдин альянска кирүү тобокелдиги атайын операциянын башталышынын бирден-бир себеби болгон деп эсептейт.
Россия буга чейин да Киевдин НАТОго кошулуу ниети согушту токтотууга эмес, улантууга жол ачып жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Байдендин Киевге жардамы кечикти, Украинанын абалы эми оорлой берет