Совет доорундагы үйлөр бузулуп, жаңысы салынгыча эл кайда жашайт? Адистин жообу

Мыйзам долбоору боюнча, эгерде жашоочунун батиринин аянты 50 чарчы метр болсо, инвестор ага андан 15-20 чарчы метр чоңураак батир бергенге милдеттендирилет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы реновация жөнүндөгү деталдаштырылган документ дээрлик даяр. Бул тууралуу эксперт Гани Абдрасилов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине курган маегинде айтып берди.
2022-жылы Абдирасуловдун жетекчилигинде "Турак жай фондун жаңылоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анын айтымында, "хрущевка" менен "сталинкаларды" капиталдык оңдоодон өткөргөнгө караганда аларды бузуп ордуна жаңы үйлөрдү курган оңой.
Эксперт Гани Абдрасилов
"Москвадагы реновациянын артыкчылыгы анын бюджеттен каржылангандыгында болгон, буга жүздөгөн миллиард доллар кетет. Бизде мыйзам долбоорунун үстүндө иштеген топ Кыргызстан мындай чоң чыгымды көтөрө албай турганын түшүнгөндүктөн, чет элдик инвесторлорду тартууга басым жасалды. Реновация мэрия менен шаардык бюджетке көп артыкчылыктарды берет. Мисалы, буздурулган 10 үйдүн ордуна бир чоң үй салынат. Калган жер тилкелери биздин документ боюнча мэриянын менчигине өтөт. Муниципалитет ал жерлерге бала бакча, мектеп, бейтапкана кура алат, имараттын айрым бөлүктөрүн ижарага да берсе болот", — деген ал.
Ошондой эле жазылган мыйзам долбоору боюнча, эгерде жашоочунун батиринин аянты 50 чарчы метр болсо, инвестор ага андан 15-20 чарчы метр чоңураак батир бергенге милдеттендирилерин белгиленген. Бул азыр ашканалар кененирээк салынганынан улам болот. Мындан тышкары, инвестор эски үйдүн ордуна жаңысын салгандан мурда андагы жашоочулар убактылуу (1-1,5 жылдай) жашап турганга жай таап, жайгаштырышы керек.
Документте жаңы курула турган үйлөрдүн 1-2-кабаттарына социалдык объектилерди, бала бакча, мектептерди куруу дагы каралган.
Эске салсак, 25-ноябрда Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу мерчемделип жатканын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирген.
Ал жердин тартыштыгынан улам "сталинка" жана "хрущевка" деп аталган бир нече кабаттуу үйлөр биринчи кезекте буздурула турганын белгилеген.
Орунтаев совет доорундагы үйлөрдүн бузулушу боюнча: шарт баарына ыңгайлуу болот