Тблисиде митингчилер "Грузин кыялы" партиясынын кеңсесине кол салды. Соңку абал

Нааразычылык акция бейшемби түнү, премьер-министр Грузия 2028-жылга чейин Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй, европалык гранттарды албай турганын айткандан кийин башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Тблисиде оппозициянын нааразычылык акциясы кечээ да уланып, митингге чыккандар "Грузин кыялы" партиясынын кеңсесинин терезесин талкалалап, имаратка таш, жумуртка ыргытышканын РИА Новости жазды.
Нааразычылык акция бейшемби түнү, премьер-министр Грузия 2028-жылга чейин Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй, европалык гранттарды албай турганын айткандан кийин башталган. Оппозиция уюштурган митингге президент Саломе Зурабишвили да чыккан.
Нааразы тарап парламенттин алдына чогулуп, шаардык инфраструктураны, кафелерди талкалап, полиция кызматкерлерине кол салып, аларды фейерверк менен аткылашкан.
Тартип сакчылар ага жооп катары көздөн жаш чыгарган газ, суу колдонуп, чогулгандарды кубалаган. Бирок алар дароо тарап кеткен эмес, таштанды челектерге от жагып, электросамокаттар менен тосмо жасап, кайрадан полиция кызматкерлерин ташка алган.
"Полиция митингге чыккандардын ичинен 107 кишини кармады. Чогулгандардын мыйзамсыз жана зомбулук аракеттеринен ИИМдин 10 кызматкери жабыркаган. Бир жарадар учурда ооруканада", — деп жазылат маалыматта.
Башаламандык түнү менен уланып, полиция аларды чекесинен кармап, кубалап жатып таңга маал Руставели проспектинде чогулгандар калбай калганы кошумчаланды. Учурда абал тынч.
Россия ТИМи: Грузия Батыштын басымына карабай өзүнүн тандоосун жасады