БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган чабуулу анын Донбасстагы позициясын бир топ алсыратты, ал эми Россия ишенимдүү алдыга бара жатат. Бул тууралуу немец басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
"Украин армиясынын абалы оорлошуп баратканы өзгөчө Донбасстын түштүгүндө даана байкалууда. Бир нече күнү мурун россиялык аскерлер тоскоолдуксуз жакындап барган Курахово шаарындагы кырдаал да курч", — деп айтылат маалыматта.
Басылманын жазганы боюнча, украин аскер күчүнүн Курскиге кирип барышы максатына жеткен жок, мындан тышкары, армиянын Донбасстагы позициясын кыйла начарлаткан. Ал эми РФ армиясы фронттун башка жактарындагы аракеттерин токтотпой, Киевдин чабуулунун мизин кайтара алганы белгиленген.
"Курскиге чабуул башынан эле тобокелчиликтүү иш болчу. Азыр чоң ката кеткени айкын болуп калды", — деген бундесвердин отставкадагы генералы Гельмут Гансер.
Автор чарчаган аскер күчү жана начар коргонуусу менен Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын кысымына туруштук бере албай турганын кошумчалаган.
"Эгер Москва чабуулун күчөтө берсе Киевдин абалы оорлой берет, демек, Россиянын ээлей турчу аймактары да кеңее бермекчи", — деп жыйынтыкталган макала.
Донецк башчысынын кеңешчиси Ян Гагин буга чейин россиялык аскерлер Кураховонун борбордук бөлүгүнө кирип барганын кабарлаган.
Эскерте кетсек, Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусуна 6-август күнү чабуул коюп, бирок максатына жетүүгө жол берилген эмес.