Видеокамераны талкалагандарды, полиция кызматкерлеринин көзүнө лазер жандыргандарды, алдын ала эле каска менен противогаз кийип алгандарды түндө Тбилисиде өткөн оппозициянын массалык башаламандыгынын учурунда көрүүгө болот эле. Бул күндөрү Грузияда саясий кырдаал чайпалып турат.
Мындан сырткары, батыш дипломаттары "шок" болуп да калышкан, ага себеп "тынчтык митингдин басып салынганы" болгон.
Президенттик мөөнөтү 16-декабрда аяктай турган Зурабишвили андан ары "күүлөнүп" кетип, Батыш мамлекеттеринин элчилерине Грузияда жаңы шайлоо өткөрүү үчүн "ордунан козголууга" чакырык салды.
Тартип сакчылар таңга жуук бардык митингчилерди кууп тараткан. Түндө полициянын 32 кызматкери жабыркаган.
Нааразы болгондор бүгүн Москва убактысы менен алганда саат 18:00дө (Бишкекте 21:00 болот — ред.) кайрадан жаңы акцияга чыгышарын айтышты.