Садыр Жапаров Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолукту

Келерки жылы Кыргызстанда Якутиянын Маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолугуп, кызматташуунун келечегин талкуулады.
Жапаров Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн сапардын маанилүүлүгүн, жалпы маданий жана тарыхый байланыштарды, ошондой эле Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү белгиледи.
Соода-экономикалык өз ара алаканы өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу бизнес-миссиялар менен алмашууну жөнгө салууну сунуштап, эки тараптын туристтик мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Мындан сырткары Бишкекте эстелик түрүндө түбөлүккө калтырылган Максим Аммосовдун инсан катары маанилүүлүгүн баса белгилеп, Якутияда Чыңгыз Айтматовдун мурасын урматтагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал 2025-жылы Кыргызстанда Якутия Маданият күндөрүн өткөрүү пландарын белгилеп, алардын жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишенимин билдирди.
Ал эми Николаев боордош Кыргызстан жерине биринчи жолу келгенин белгилеп, президентин жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазылык билдирди. Ал Якутия Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жогору баалаарын баса белгиледи.
Якутия башчысы аймактар ортосунда товар жүгүртүү өсүп жатканын белгилеп, бизнес жана ишканаларга кыргыз тарап менен тыгыз байланыш түзүүгө активдүү көмөк көрсөтүүнү көздөп жатканын айтты. Жолугушуунун алкагында Николаев 2026-жылы Кыргызстанда "Азия балдары" көчө оюндарын өткөрүүнү сунуштап, бул иш-чара достуктун символу болуп, спорттук өз ара кызматташууну өнүгүшүнө чоң салым кошоорун баса белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты бекемдөө боюнча демилгелерди колдоого даяр экендигин айтышты.
Саха Республикасынын башчысы иш сапары менен Кыргызстанга келди