БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өзгөндөгү айланма жол толук жасалып бүттү, жакында ачылат. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолду ачууга даярдыктарды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев көрүп чыккан.
"Аталган жолдун узундугу — 14 чакырым, туурасы — 22 метр. 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Бүгүнкү күндө жол менен көпүрөнүн курулушу толук аяктады. Учурда жолдун четине коопсуз тосмолорду орнотуу жана төлөм пунктун түзүү иштери кызуу жүрүп, аяктоо алдында турат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул жол Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Бийлик бул айланма жол ачылгандан кийин Бишкек — Ош трассасында тыгын азаярын, айдоочулар Өзгөнгө кирбей эле түз өтүп кетип каларын билдирди.
Буга чейин Садыр Жапаров аталган долбоорго инвесторду Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас тапканын билдирген.