БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трампка улуттук коопсуздук жаатында кеңешчи боло турган Майк Уолц украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча бир нече сунушту карап жатат. Мында кеп ок отууну сүйлөшүүлөрдүн баштапкы стадиясында токтотуу тууралуу болуп жатканын СNN телеканалы кабарлаган.
"Стратегиянын аки-чүкүсү иштелип чыгууда, бирок Трамптын чиновниктери ок атууну сүйлөшүүлөрдүн баштапкы этабында токтотууга ыктап жаткандай", — деген телеканал өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен.
Анткен менен бийликке келе турган администрациянын Украина боюнча стратегиясы аягына чыккан деп айтууга болбой турганы да белгиленди. Макалада Уолц Трамптын Украина жаңжалы боюнча атайын өкүлү боло турган Кит Келлогдун да сунушун карап жатканы айтылат.
Эскерте кетсек, июнда Келлог Трамптын кеңешчиси Фред Фляйц менен биргеликте украин чырын жөнгө салуу боюнча планын алып чыккан. Ага ылайык, ок атуунун токтотулушу фронттун негизги линияларына карап жүрөт.
Буга чейин украиналык ЖМКлар Киев Ак үй менен мамилесин бузуп албаш үчүн инаугурацияга чейин АКШнын жаңы командасы менен "тынчтык планын" талкуулоодон чочулап турганын жазып чыгышкан.
Ноябрда Владимир Зеленский эгер Трамп жардам көрсөтпөсө, анда Украина бул каршылашууда жеңүүчү боло албай турганын айткан. Ошол эле учурда жаңы президентти Украинанын кызыкчылыгын эске албай Россия менен эпке келип алышы мүмкүн экенин айтып, бир нече жолу сындаган. Welt гезитинде Зеленский Трамп менен жолугушууга аракет кылып жатканы, ошол эле учурда Украинанын аймактарынын эсебинен жаңжалды баса турган болсо Трамп тарыхта жакшы ат менен калбай турганын айтканы жарыяланган. Мындан тышкары, Зеленский украиналык телеканалга маек куруп жатып, Трамп менен болчу жолугушууда "отур да ук" деген ыкма жарабай турганын билдирген.
Трамптын инаугурациясы 2025-жылдын 20-январына белгиленген.