БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын Киевге америкалык ыраакка атылуучу ATACMS ракеталарын Россиянын аймагына сокку уруу үчүн пайдаланууга уруксат берүү чечими согуш талаасындагы абалды бир топ начарлатат. Бул тууралуу Defense News басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
Макалада жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды берүү жана Пентагондун техникаларды оңдоп-тейлөөчү подрядчыларды Украинага жөнөтүү чечимин да ушундай эле тагдыр күтүп турганы белгиленген.
"Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берүү, жаңы курал-жарак жөнөтүү чечими кечигип кабыл алынды. Азыр бул Украинага согуш талаасында же сүйлөшүү учурунда эч кандай артыкчылык бербейт, тескерисинче, Киевдин алын кетирип, АКШны кыйын абалга кептейт. Администрациянын өкүлдөрү көрүлүп жаткан аракеттер согуштун курсун өзгөртө албай турганын моюндашууда", — деп айтылат материалда.
Америкалык аскерий басылма Вашингтондун жүргүзүп жаткан азыркы саясаты Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйроосун тездетиши мүмкүн экенин белгиледи. Буга Киевдин Курск облусуна жасалган чабуулду колдоп туруу үчүн ансыз да аз болуп турган ресурсун багыттоосу себеп болот. Украина буга чейин ээлеп алган аймактарынан сүрүлүп жатканы байма-бай айтылып келет.
"Экинчи жагынан жөө аскерлерге каршы миналардын беришили Украинанын коргонууга өтүүсүнө жардам бермек. Украина аларды суук түшүп жер тоңгуча пайдаланып калгыдай болушу керек. Бирок миналар жетиштүү көлөмдө жана тез арада келери күмөн", — деп айтылат макалада.
Эскерте кетсек, өткөн бейшемби күнү РФ президенти Владимир Путин россиялыктарга кайрылган. Өлкө башчы Москва Украинанын америкалык жана британиялык ATACMS жана Storm Shadow ракеталарын колдонуу менен Курск жана Брянск облустарына урган соккусуна жооп кылып орто аралыкка атылуучу "Орешник" ракета системасын сынап көргөнүн айткан. Сокку Днепропетровскидеги ракеталык техника өндүргөн ири өнөр жай комплексине урулуп, Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, ал максатына жеткен.
Москва Украинага курал-жарак жеткирүү менен Батыш мамлекеттери каршылашууну создуктуруп жатканын эскертип келет.