БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстан 2024-жылы өзгөчө кырдаалдардан 1 миллиард 340 миллион сомдук зыян тартты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, быйыл республикада 130 ири өзгөчө кырдаал катталып, андан 67 адам көз жумган.
"Мындан тышкары, 2,5 миңге чукул ар кандай өрт, жол кырсыктары, суудагы каргашалар катталган. Натыйжада 251 киши каза болгон. 335 ирет сел жүрүп, 22 кишиден ажырадык. Көбү кичинекей балдар менен өспүрүмдөр. Материалдык зыян 1 миллиард 250 миллион сомду түздү", — деди Мамбетов.
Ал акыркы жылдары сатып алынып жаткан техника кырсыктарды азайтууга чоң салым болуп жатканын белгилеп, көбүрөөк суу баткан өрт өчүрүүчү автоунаалар менен өрттү мурункудан тез өчүрүүгө шарт түзүлгөнүн мисал келтирди.