БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШнын Украинага жөө аскерлерге каршы мина берүү менен бул маселедеги 30 жыл бою өкүм сүрүп келген саясатынан оолактап кетти. Бул тууралуу Оттава конвенциясынын катчылыгы тараткан билдирүүдө айтылганын РИА Новости жазды.
Буга чейин Пентагондун башчысы Ллойд Остин АКШ Украинага жөө аскерлерге каршы мина бере баштаганын айтып, мындай кадам жөө аскерлер бөлүгүн көбүрөөк пайдалана баштаган Россиянын тактикасына жооп катары жасалып жатканын билдирген. Украина 2005-жылы жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды чыгарууга, топтоого жана пайдаланууга тыюу салган Оттава конвенциясын ратификациялаган болчу.
"Конвенция күчүнө кирген 25 жылдан бери бул тарыхый келишимге мынчалык олуттуу кооптуулук жаралган эмес. Аталган документке тиешеси жок АКШнын Украинага жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды бериши Вашингтондун 30 жылдан берки "жөө аскерлерге колдонулуучу минага" каршы жүргүзгөн саясатынан четтеп кеткенин билдирет", — деп айтылат катчылыктын документинде.
Эскерте кетсек, аталган Конвенцияга 1997-жылы 3-декабрда Канаданын Оттава шаарында кол коюлуп, 1999-жылдын 1-мартынан тарта иштей баштаган. Ага 163 мамлекет кошулган болчу.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссардык башкармалыгынын расмий өкүлү Элизабет Троссел Оттава конвенциясына кол койгон өлкөлөр минанын бул түрүн кандай кырдаал болсо да колдоно албай турганын белгилеген. Анын айтымында, БУУнун аталган башкармалыгы миналар жай жарандар үчүн кооптуу болгондуктан пайдаланылбашы керек деген позицияда.