Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ант берүүнү кайтаруу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирип жаткандар ант берүүсү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев коомдук талкууга чыгарган.
Документте 2016-жылдын 30-майындагы "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамда ант берүү каралганы, бирок учурдагы редакциясында ал норма жок экени белгиленди.
Мындан улам аталган мыйзамга өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматка алгачкы жолу кирген кызматкер жетекчиликтин жана кесиптештеринин алдында ант берет. Бул норманын киргизилиши кызматкердин мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана элге кызмат кылуу милдетине берилгендигинин символу болуп саналары айтылган.
Анттын текстинде кызматкер Конституцияны, мыйзамдарды так сактап, ак ниет жана чынчылдык менен өз милдеттерин аткарары белгиленген.
Жарандардын кайрылууларына жооп бербеген аткаминерлерге айып салуу сунушталды