БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү азайган жок, тескерисинче, өстү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов журналисттер менен жолугушууда айтты.
Дипломат ЖМК өкүлдөрү менен элчиликте жолугушуу өткөргөн.
Вакуновдун айтымында, быйыл жети айда эле эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга өстү.
"Бул соода өсүп жатканынан кабар берет. Эки өлкөнүн ортосундагы соода операцияларынын 90 пайыздан ашууну рубль менен жүргүзүлүүдө. Кыргызстан дагы, Россия дагы бул учурда эч кандай мыйзамдарды бузган жок", — деди ал.
Дипломат кыргыз банктары санкцияга кабылган россиялык банктар менен операцияларды токтотконун, анткен менен санкция жайылтылбаган банктар менен финансылык операциялар уланып жатканын кошумчалады.