Токмокто шамалда бактын сынган бутагы тийип 4 жашар бала чарчап калды

Катуу шамал. Архив
35 жаштагы келин учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Токмокто эртең менен болгон катуу шамалда бактын сынган бутагы тийип төрт жашар бала чарчап калганын Чүй РИИБи билдирди.
Маалыматта наристенин энеси да түрдүү жаракат алганы айтылган. Аял учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.
Факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү жүрүп жатат.
Ооруканадагы жаткан наристенин колу. Архив
Арча-Бешикте Lexus 470 бала бакчанын короосун талкалап кирип, наристени сүзүп кетти