БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз миграция уюштуруу үчүн жасалма документ даярдагандарга 60 миллион рублге чейин айып пул салуу боюнча мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ укуктук актыларды жарыялоонун расмий сайтына чыкканын РИА Новости жазды.
Мыйзамды Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин, Мамдуманын миграция саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси, вице-спикер Ирина Яровая, парламенттик фракциялардын бардык лидерлери жана депутаттар көтөрүп чыккан. Демилгени РФ өкмөтү, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана Тергөө комитети колдоду.
"Мыйзамда юридикалык жактарга мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жасалма документ даярдагандыгы, мындан тышкары, РФке кирүү эрежелерин, миграциялык каттоонун эрежелерин бузгандыгы, мыйзамсыз иштөө жана башка нерселер үчүн жазаны күчөтүү каралган", — деп айтылат маалыматта.
Эрежени сактабагандар мүлкүн конфискациялоо менен беш миллион рублден он миллион рублге чейин айыпка жыгылат, бул жорук кайталанса айып пул 10 миллиондон 60 миллион рублге чейин көтөрүлөт.
Ошондой эле мигранттарга иштөөгө укук берүүчү документти жасалмалоого, тагыраагы, штамп, мөөр басуу, бланк толтуруу, аны сатууга 40 миңден 80 миң рублге чейин, кайталанса 100 миңден 200 миң рублге чейин айып пул салынары белгиленген. Мындан тышкары, орус тили боюнча сынактан өткөрүүчү мамлекеттик мекемелердин жоопкерчилиги да каралган.
Буга чейин Володин ТИМдин маалыматына таянып 2024-жылдын сегиз айында мигранттарга 4,6 миң жасалма документ даярдалганын, бул 2023-жылга салыштырмалуу 16,5 пайызга көп экенин билдирген. Анын айтымында, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү үчүн укуктук механизмдерди иштеп чыгуу керек.
Яровая кызматкерлери документти жасалмалаган юридикалык жактарга айып пул 200 эсе көбөйтүлгөнүн айткан. Ал бул мыйзам менен юридикалык жактарга биринчи жолу административдик жоопкерчилик да жүктөлөрүн айткан.