БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россияда балалуу болуудан аң-сезимдүү баш тартууну (чайлдфри) пропагандалоого тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга Владимир Путин кол койгонун РИА Новости жазды.
Мыйзамды парламенттин төрагасы Вячеслав Володин менен Валентина Матвиенко жана башка депутаттар демилгелеген.
Эми сайт ээлерине баладан баш тартууга чакырык жасаган маалыматтарды текшерүү милдети жүктөлдү. Ошондой эле кино жана жарнамада дагы бала төрөөдөн баш тартууга чакырык жасалбашы керек.
Мыйзамдын максаты — бала төрөөдөн баш тартууга таасир берчү бардык контентти жок кылуу.