Туура тандалган спорттук кийим спортчунун көрсөткүчтөрүн жакшыртып, натыйжалуулугун арттырат. Бул тууралуу Талант Жайчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спортко барган баланы өспүрүм кезинен колдоого алып, моралдык жактан даярдоого көңүл буруу керек.
"Бүгүнкү күндө спорттук экипировканы туура тандоо абдан маанилүү. Эптеп эле ушул кийимди кийип машыга берейин дегенден арылуу керек. Азыркы заманда бардыгын табуу мүмкүн. Туура тандалган спорттук кийим-кече спортчунун көрсөткүчтөрүн жакшыртып, натыйжалуулугун арттырат, өзүн жакшы сезет. Мисалы, туура бут кийим чуркаганда түрдүү жаракаттардан сактайт. Мындан тышкары, спортту жаңы баштап жаткан өспүрүмдөргө психологдун жардамы керек. Аны эрте колдоого алып, моралдык жактан даярдоого көңүл буруу керек", — деди Жайчыбеков.
Ошондой эле адис бала спортто чоң жетишкендиктерди багындыруусу үчүн ата-эненин колдоосу абдан чоң роль ойной турганын кошумчалады.