Кант шаарындагы заводдун аймагынан өрт чыгып, бир адам каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кант шаарындагы заводдун аймагынан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал "Кант-Курулуш" заводунун аймагында жайгашкан "Милена" ЖЧКсын тилсиз жоо каптаган. Жерине төрт күжүрмөн эсеп, беш өрт өчүрүүчү унаа, бир суу ташуучу тартылганы белгиленди.
"Өрт саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метрди түзөт. Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен бир кытай жараны каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Өрт саат 15:37де толук өчүрүлгөн.
ӨКМ өрт коопсуздугун бузгандарга миллион сомго чейин айып салууну сунуштады