БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Украинадагы жаңжал Россияга болгон Батыштын алыскы аралыкка атылуучу ракеталарынын чабуулунан кийин глобалдык элементтерге ээ болду. Бул тууралуу 21-ноябрда РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Ал бүгүнкү күндө Россиянын жаңы куралына теңдеш жок экенин белгиледи.
“Москва Украинадагы жай тургундарга жана башка өлкөлөрдүн жарандарына чабуул жасала турган жерлерден чыгып кетүүнү алдын ала сунуштайт. Россия буга чейин, азыр дагы маселени тынчтык жолу менен чечүүгө даяр, ошондой эле кырдаал кандай жаатта өзгөрбөсүн, ага да даяр. Буга эч ким шек санабай эле койсун. Жооп ар дайым болот”, — деди Путин.