Соттордо жана өкмөттө гендердик балансты камсыздачу мыйзам сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева соттордо, министрлер кабинетин куроодо гендердик балансты кароо боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку жана жергиликтүү соттордо гендердик балансты камсыздоого багытталган мыйзам долбоору сунушталды.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева коомдук талкууга чыгарган документте (Конституциялык мыйзамга өзгөртүү) соттордо иштеген бир жыныстагылар 70 пайыздан ашпашы керектиги белгиленген. Судьяларды ротациялоодо бул талап милдеттүү түрдө эске алынышы зарылдыгы айтылган.
Ошондой эле министрлер кабинетин куроодо дагы 70 пайыздан ашык бир жыныстагы адамдардан түзүлбөшү керек деген талап киргизилүүдө.
"Мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана менчигинин формасынан көз карандысыз түрдө башка уюмдарда гендердик өкүлчүлүктү сактоо боюнча талаптарды киргизүү зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук стратегияда, 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигине колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программада жана башка программалык жана стратегиялык документтерде белгиленген", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Демилгечилер муну менен бирге бир катар мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү сунуштаган. Анда бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү 70 пайыздан ашпашы керек деген талапты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга киргизүү каралган. Мындан тышкары, жумуш ордундагы башка жыныстагыларга кодулоо, асылууну алдын алуу жана жоопкерчилик маселелери жазылган.
Ошондой эле ишкана, мекемелерде гендердик талдоо жүргүзүп туруу зарылдыгы белгиленген.
Радио
Окоева: муниципалдык органдарда бир да аким, губернатор аял жок