Россияда миграция мыйзамын бузуу менен жүргөндөргө мүмкүнчүлүк. ТИМдин кайрылуусу

Ушу тапта Россия аймагында 72 миңге чукул киши миграция мыйзамдарын бузган деп эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Россия аймагында миграция мыйзамдарын бузуу менен жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды.
Россиянын компетенттүү органдарынын берген маалыматы боюнча, октябрга карата Кыргызстандын 71 949 жараны миграция мыйзамдарын бузуу менен, башкача айтканда, "тобокелдик зонасында" жүрөт. ТИМ бул категорияга Россиянын Ички иштер министрлигинин базасында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө маалыматы жок адамдар кирерин түшүндүрдү.
"Бул адамдардын Россияда мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтери болсо Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, тиешелүү маалымат базасына киргизип "тобокелдик зонасынан" чыгууга аракет көрүшү керек", — деп айтылат маалыматта.
Россияда "тобокелдик зонасында" турган кыргызстандыктар тууралуу маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жакын арада migrant.kg порталына жайгаштырылат. Мигранттар тизмеде бар-жогун текшерип, Россияда укуктук абалын жөнгө салуу үчүн чараларды көрө алышары белгиленген.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 5-февралынан тартып Россияда чет элдик жарандардын укуктук абалы боюнча федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн же Россияда болуу (жашоо) үчүн мыйзамдуу негиздерге ээ болбогон чет өлкөлүк жарандар тийиштүү реестрге киргизилип, аларды өлкө аймагынан чыгаруу режими колдонулат.
Россияда мыйзамсыз миграцияны уюштургандарга жаза күчөтүлдү