БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн. Бүгүн парламент Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда колдоду.
Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен республикадагы жолдор оңдолуп, реконструкцияланат. Мындай жыйым "жолдо көбүрөөк жүргөндөр көбүрөөк төлөйт" принциби менен иштейт.
Мыйзам кабыл алынса Жол фондунун бюджети жети миллиард сомго көтөрүлөрүн транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев парламентте айтып берди. Ал 2023-жылы фондго 4,5 миллиард сом түшкөнүн, быйыл жылдын аягына чейин 5 миллиард сомдон ашык акча түшөрү күтүлүп жатканын кошумчалады.