Кыргызстандын футбол командасы Иранга утулуп калды

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол командасы Иранга 2:3 эсеби менен жеңилип калды.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Мелдештин биринчи бөлүгүндө каршылаштар эки гол киргизүүгө үлгүрдү. Андан кийин Кожо Жоэл эки гол киргизип, эсепти теңдей алды. Анткен менен ирандык футболчулар биздин дарбазага дагы бир топ киргизүүгө жетишти.
Иран 16 упай менен А тайпасында лидер бойдон калды. "Ак шумкарлар" үч упай менен бешинчи орунда. Кыргызстандык футболчулардын квалификациянын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда төрт оюн күтүп турат.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы монголиялыктарды утуп алды