БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте күйөөсү аялын бычактап өлтүрүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин "Өтө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Сот 34 жаштагы А.Р. карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын сыртынан тандаган.
Sputnik агенттигинин ишенимдүү маалымат булактары шектүү реанимациядан жалпы палатага которулганын билдирди.
"Айыпталуучу конвойдун көзөмөлүндө. А.Р. аялын өлтүргөндөн кийин өзүнө да бычак сайган", — деди редакциянын маектеши.
Эскерте кетсек, 27 жаштагы келиндин өлүмү тууралуу 15-ноябрда белгилүү болгон.