"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине ийгиликтүү даярдануу максатында түтүктөрдү алмаштырып, капиталдык курулуш иштерин жүргүздү. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында жеке жылуулук пунктуларын модернизациялоо иштери аткарылды. Бул тууралуу Рустам Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ишкана 138 миң 119 абонентти жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздайт.
"Учурда муниципалдык ишкана штаттык режимде иштеп жатат. Күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыктын негизинде эскирген жылуулук тармактарынын 2 587 метр тилкеси оңдолуп, 338 даана бекиткич арматура алмаштырылды. Жылуулук изоляциясынын бузулган жерлери калыбына келтирилди. Ошондой эле турак жайларда 24 988 метр жылытуу жана ысык суу түтүктөрү алмаштырылып, 7 176 даана бекиткич арматура жаңыртылды. Жалпысынан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине карата пландалган оңдоо иштерин аткарылды деп айтууга болот. Бирок бизде иш токтоп калбайт, кышы бою оңдоо, куруу иштери улана берет. Бардык иштер план боюнча аткарылууда. Максатыбыз — шаар тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо, гидравликалык режимди жакшыртуу жана өсүп жаткан шаарда керектөөлөрдү камсыздоо", — деди Ишекеев.
Адис жакында эле абоненттер үчүн жаңыртылган уюлдук тиркеме ишке киргизилгенин, ал жерден төлөмдөрдү жүргүзүп, электрондук эсеп-дүмүрчөк ала алышарын, ошондой эле оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтар камтылганын кошумчалады.