Президент Садыр Жапаров Бишкекте добуш берди. Сүрөт

Мамлекет башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №1046 участогунда добуш берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Добуш берүүдөн кийин президент элге кайрылып, өлкөдөгү шайлоо системасы кыйла оңолуп, ачык-айкын болуп калганын белгиледи.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №1046 участогунда добуш берди

2 / 2

Добуш берүүдөн кийин президент элге кайрылып, өлкөдөгү шайлоо системасы кыйла оңолуп, ачык-айкын болуп калганын белгиледи

"Биз шайлоо системасын автоматташтырдык. Мында добуштарды санай турган адам фактору жок. Шайлоо аяктагандан кийин жыйынтыгы 20 мүнөт, жарым сааттын ичинде республика боюнча чыгып калат. Шайлоого катышкан жаран бир сутканын ичинде кайра башка участокко барып добуш бере албайт. Илгерки "карусель" жана бюллетендерди массалык түрдө урнага таштоо дегендер жокко чыгарылды", — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.
"Ал мен үчүн эмес, өзү үчүн добуш берет, анткени ошол шайланган депутат беш жыл бою шайланган аймактын маселесин чечет. Жергиликтүү бюджетти ошолор карайт, башкарат. Эгерде коррупционерди, добуш сатып алганды шайласа, анда жергиликтүү бюджет уурдалат. Биз башкаруу системасын өзгөрттүк, реформаладык, ошондуктан азыр таза иштеген татыктуу жарандарды тандоо маанилүү", — деди өлкө башчы.
Президент шайлоо участоктору саат 20:00гө чейин иштей турганын эске салып, жарандарды шайлоого убакыт таап, катышууга чакырды.
Шайлоо 33 шаардык жана 231 айылдык кеңеште өтүп жатат.
Эртең Бишкектеги кээ бир мектеп, бала бакчалар онлайн иштейт