БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россия Ош шаарындагы курал-жарак жана аскердик техниканы тейлеп оңдогон пунктуга көмөкчү жабдууларды тапшырганын Кыргызстандын Коргоо министрлиги кабарлады.
Салтанат №12861 аскер бөлүгүнүн базасында өттү.
Делегацияны Россиянын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташуу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, генерал-майор Виктор Шевцов жетектеп келген.