Жумгалда изделип жаткан ата-бала. Көкөмерендин жээгинен атасынын сөөгү табылды

Малга кетип ошол боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-бала дээрлик бир айдан бери изделип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жумгалда Көкөмерен суусунун жээгинен эркек кишинин сөөгү табылып, ал бир айдан бери изделип жаткан киши экенин ИИМден билдиришти.
Эскерте кетсек, малга кетип ошол боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-бала 19-октябрдан тарта изделип жаткан. Маалыматта 45 жаштагы К.Б. аттуу жарандын сөөгүн табууга кинологдор тартылып, кызматтык иттер жардам бергени жазылган.
"Маркумдун тогуз жаштагы уулун издөө иштери улантылат. Ага укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган. Бардык аракеттер көрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ ӨКМ ата-баланы активдүү издөө токтотулганын, бир жумада эки ирет жүргүзүлөрүн кабарлаган.
Ак-Буурага түшүп кеткен 5 жашар бала изделүүдө