Бакудагы саммитте кышкы Олимпиада качанкыга чейин өтүшү мүмкүн экени айтылды

Азербайжанда климаттын өзгөрүшү спорттун кышкы оюндарын өткөрүүгө кандай таасир тийгизерин иликтеген илимий эмгектин бет ачары өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Олимпиаданын кышкы оюндарынын курамына өзгөртүү киргизбей ушул тейде дагы 60 жыл өткөрүүгө болот. Бул туурасында Бакуда өткөн COP29 конференциясынын жүрүшүндө айтылды.
Азербайжанда климаттын өзгөрүшү спорттун кышкы оюндарын мындан ары уюштуруп-өткөрүп турууга кандай таасир тийгизерин атайын иликтеп чыккан эмгектин бет ачары өттү.
Изилдөөдө зыяндуу заттар азыраак бөлүнүп чыгып, Олимпиада оюндарын өткөрүүчү аймактардын 2080-жылдарга чейин жок болуп кетпей турганы мындан 100 жыл мурда Шамониде (Франция) башталган спорттук традицияны улантууга мүмкүнчүлүк берери белгиленген. Ал эми эми зыяндуу заттар көп бөлүнүп чыкса жарым кылымдан кийин андай жерлер азая турганы айтылган.
Изилдөөнүн авторлору: Инсбрук (Австрия) университетинин доценти Роберт Штайгер менен Ватерлоо (Канада) университетинин профессору Даниэль Скотт. Париж макулдашуусунда белгиленген зыяндуу заттардын бөлүнүп чыккан процесси кыскарып, тоолуу аймактарда глобалдуу жылуулуктун жүрүшү алда канча жайлайт. Бул кышкы Олимпиадалык оюндардын дагы өтүп турушун шарттайт.
Эксперттердин айтымында, быйыл дүйнө аталган макулдашууда белгиленген 1,5°C деңгээлиндеги глобалдуу жылуулуктун кооптуу астанасын аттады. Тоолордогу температура орто эсеп менен акыркы он жылдыкта 0,3 градуска көтөрүлдү, ал эми XX кылымдын акыркы он жылдыгында 0,2 градуска жогорулаган.
Мөңгүнүн эриши, суу тартыштыгы. Кыргызстандагы кооптуу климаттык өзгөрүүлөр