Кийинки жылы Бишкекте жети көчө оңдолуп, үч жаңы жол салынат

Көп кабаттуу үйлөрдүн дүкөнгө айланып кеткен унаа токтотуучу жайлары кайтарылары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кийинки жылы Бишкекте жети көчө оңдолуп, үч жаңы жол салынат. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев парламентте билдирди.
Ал ошондой эле шаардагы автотыгын маселесин чечүү үчүн көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар куруларын айтты.
"Бул жайларды кура турган ишкерлерге аукциону жок эле түз келишим менен жерлерди бергенге даярбыз. Өкмөттөн 40 жер бергиле деген тапшырма түшкөн, азыр 6 жерибиз бар, башкасын дагы караштырып жатабыз", — деди калаа башчысы.
Ал, мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн дүкөнгө айланып кеткен унаа токтотуучу жайлары кайтарыларын кошумчалады. Ал эми "алтын квадраттагы" унаа токтотуучу жайлардын баасы тууралуу жоболор иштелип чыкканын, акы саат сайын геометриялык прогрессия менен өсө турганын айтты.
Бишкектеги "Сельмаш" стадиону жана бассейни мэрияга кайтарылды