БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Элине эмгегин арнаган инсан, Улуу Ата Мекендик согуштун жана энергетика тармагынын ардагери Тапа Керимкулов 98 жаш курагында дүйнө салды.
Окурмандарга өмүрү өрнөк болгон аксакал тууралуу учкай баяндып бермекчибиз.
Тапа Керимкулов 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 17 жаш курагында, тагыраагы, 9-класста окуп жаткан учурда, 1941-жылы сентябрда Улуу Ата Мекендик согушка кеткен. Улан майдандан Нарынга 23 жашында кайтып келген.
© Sputnik / Алмазбек Омурзаков
Ардагер алгач Алматыга барып эки ай аскердик даярдыкта болуп, андан соң согушка жөнөтүлгөн. Одер дарыясынын жээгиндеги согушта болуп, Смоленск менен Варшаваны бошотууга катышып, Берлинге чейин барган.
Керимкуловго 21 медаль, анын ичинде Берлинди алганы үчүн сыйлык ыйгарылган.
Согушка катышкан ар бир аскер мекенибизди немецтик баскынчылардан коргоп гана тим болбостон, эл чарбасын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө активдүү салым кошкон. Биз сөз кылып жаткан ардагер да дал ошол доордун өкүлү.
Тапа Керимкулов өз мекенине кайтып келгенден кийин 12 жыл милиция тармагында кызмат өтөгөн. Андан кийин 25 жыл бою энергетика тармагында иштеп, алгач электромонтёр, андан соң электромеханик болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Мыкты кызматкер болуп, Ат-Башы райондук электр тармактарынын Ардак китебине кирген жана бул тармактын Ардак ордени тапшырылган.
Андан сырткары, Кара-Суу айылынын ардактуу аксакалы, Ат-Башы районунун, Нарын облусунун жана Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу наамдары ыйгарылган.
Согуш ардагери Жеңиш күнүн эки ирет Москва шаарында тоскон. Акыркы үч жылдан бери Москвага чакыруу келип, бирок ден соолугуна байланыштуу бара албай калган.
Тапа ата 98 жашында да китебин колунан түшүрбөй окуп, кийинки муундарга акыл-насаатын айтып келген.