Радио

Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын бөлүм башчысы Азат Ракымов баш калаанын аймагында жашаган ар бир тургун көрктөндүрүүнүн жаңы эрежелерин сактоого милдеттендирилгенин айтты.
Sputnik
Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Аны баш калаанын аймагында жашаган ар бир жаран жана юридикалык жак сактоого милдеттүү. Бул тууралуу Азат Ракымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаңы эрежелер шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү сактоого багытталган.
"Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежеси 2009-жылы 30-июнда №77 токтом менен шаардык кеңеште бекитилген. Буга чейин муниципалдык инспекция ошол эрежеге ылайык иш алып барып келген. Быйыл 29-августта көрктөндүрүү боюнча эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилип, аны шаардык кеңеш бекитип берди. Жаңы эрежеге ылайык, эми таштанды контейнерлеринин жанына жана газондордо, жашыл аянттарда автоунааларды токтотууга тыюу салынат. Бул таштанды ташуучу атайын транспорттун ишине тоскоолдук кылбай табигый көчөттөрдү сактоого жардам берет. Ошондой эле таштанды кечкисин саат 19:00дөн 24:00гө чейин чыгарылып, түнкүсүн иштеген тазалоо кызматтарына кыйынчылык жаратпоо керектигин эске алуу кажет. Ал эми бардык соода түйүндөрү шаардагы жол тыгынын азайтуу үчүн товарларды кечки саат 19:00дөн таңкы 07:00гө чейин жеткирип, түшүрүшү абзел. Бул кошумчаланган эрежелерди шаар тургундары жана юридикалык жактар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш", — деди Ракымов.
Ал ошондой эле көрктөндүрүүнүн жаңы эрежелери боюнча борбордун жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, эгер буга карабай талаптарды бузгандар болсо айыпка жыгыларын кошумчалады.