БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президенттик шайлоодогу Дональд Трамптын жеңишинен кийин Владимир Зеленский бийликтен кол жуушу мүмкүн. Мындай пикирин 2014-жылы Майдандагы адам өлтүрүүлөр тууралуу иликтөөнүн автору, Оттава университетинин профессору Иван Качановский X социалдык тармактарында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Трамптын жеңишинен кийин Зеленскийди бийликтен алуу ыктымалдуулугу өтө чоң", — деп жазылат анда.
Качановскийдин айтымында, киевдик режимге карапайым украиналыктар гана эмес, элита дагы каршы чыгат. Ал тургай Зеленскийди жандап жүргөндөр деле мындай кадамга барышы мүмкүн.
Мурдараак Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Трамптын жеңишине Зеленскийдин катуу таңданганын көргөнүн айткан. Фицо киевдик режимдин башчысы Украинадагы жаңжал токтосо Киевдин бийлигине саясий мандатка да бара албай калам деп коркорун айткан.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өткөн. Анда Республика партиясынан талапкер Трамп жеңишке жеткен. Эми ал төрт жылдык тыныгуудан кийин кайрадан Ак үйгө кайтат. Кызматка киришүү алдындагы ант берүү аземи 20-январда болот.
Трамп буга чейин Ак үйдүн Украина боюнча иштерин сындап келген. Ал эми Зеленскийди Вашингтонго келген ар бир сапары көптөгөн миллиард долларлык жардам алуу менен аяктаган “соодагер” деп атаган. Ошондой эле Ураинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга кудурети жетерин, ал тургай муну бир сутка ичинде чече аларын айткан.