БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз миграция уюштургандарды 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча мыйзамга кол койду. Документ укуктук актылардын расмий басылмасынын сайтында жайгаштырылганын РИА Новости жазды.
Аталган мыйзам 322.1 беренени (“Мыйзамсыз миграция уюштуруу”) жаңы 3-бөлүм менен толуктайт. Ага ылайык, Россиянын аймагында уюшулган топ аркылуу оор же өтө оор кылмыштуулук максатында мыйзамсыз миграция уюштурулган убакта ал өтө оор кылмыштарга кирет. Мындай кылмышка баргандар сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, үч миллион рублден беш миллион рублга чейин айыпка жыгылат же болбосо соттолгон адамдын үч жылдан беш жылга чейинки айлык акысы же башка кирешеси алынып, 10 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат.
Мыйзамга ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштурууга карата жаңы квалификациялык жаңыртуулар киргизилди: буга кылмыш аркылуу башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү максатында жасалма документтерди пайдалануу менен инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу же жок кылуу кирет.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жасалма каттоодон өткөрүү, каттоого коюу боюнча кылмыш жоопкерчилиги катаалданды. Ага ылайык, мындай ишке алдын ала сүйлөшүп алып барган адамдарга, уруксат берүүчү документтерди жасалмалап, даярдаган адамдарды эки жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.