БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Пакистанда темир жол бекетинде теракт болуп, 24 адам каза таап, 46 киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Такталган маалыматтарга караганда, жардыруу станцияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:25тер чамасында поезд Кветта шаарынан Пешаварга жөнөөрдүн алдында болгон.
"Жан кечти жүктөрү менен вокзалга кирип, эл көп чогулган темир жол бекетинин кассасынын жанында теракт жасаган. Анын кесепетинен 24 адам каза болуп, 46 адам жаракат алган", — деп айтылат кабарда.
Бийликтин маалыматына караганда, жардыруу үчүн жоопкерчиликти тыюу салынган, жарым аскерлештирилген "Белужстан боштондук армиясы" өзүнө алды.