ЖМКлар Камала Харристин жаңы кызматка барышы мүмкүндүгүн жазышууда

Адвокат Харрис боюнча чечим Трамп кызматка киришкенге чейин шашылыш түрдө кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Камала Харрис президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин АКШнын Жогорку сотунун мүчөлүгүнө көрсөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Харристин укук жаатында докторлук даражасы бар. Ал прокуратурада, мэрияда, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Калифорниянын башкы прокурору болуп иштеген.
"Адвокат Бакари Селлерс 70 жаштагы либералдык судья Соня Сотомайор Жогорку соттон кетиши мүмкүндүгүн айтты. Бул президент Жозеф Байденге Харристин талапкерлигин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет", — деп жазылат макалада.
Селлерс мындай чечим АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп кызматка киришкенге чейин шашылыш түрдө кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт.
Басылма 70 жаштагы Сотомайордун ден соолугу жакшы эмес экенин, биринчи типтеги диабет менен жабыркаарын кошумчалаган.
Трамп Байден менен бийликти өткөрүп алууну талкуулайт