Төө-Ашууга кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Видео

Бишкек — Ош жолунун 127-чакырымына (Төө-Ашуу) трассасы. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 127-чакырымына (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылганын Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, көчкүнүн көлөмү болжол менен 800 метр кубду түзөт. Азыркы тапта жол тазаланып жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандар жок экенин кабарлап, "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилгенин эскертти.
Автоунаа сел учурунда жолдо бара жатат. Архив
Жаан-чачындан улам сел, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын картасы