БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Төө-Ашууга түшкөн кар көчкү толук тазаланып, жолдун эки тарабы тең жеңил унааларга ачылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, көчкү саат 10:20да толук тазаланып бүткөн. Министрлик оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алына электигин кошумчалады. Жабыркагандар жок.
Эске салсак, Төө-Ашууга кар көчкү эртең менен саат 9дар чамасында түшкөн.